2023-жылы 11-августта Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин 15-жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын технологиялык жаңычылдыгы жана өнүгүү келечеги” темасында Кереге кеңеш болуп өттү.
Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Алешович Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кеңешович Боконтаев, “Кыргызстан банктарынын биримдиги” ЮЖ президенти Анвар Карикеевич Абдраев, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, МФК жана ТСКК өкүлдөрү, ошондой эле Армения Республикасынын, Беларус Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзүбекистан Республикасынын аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) жаатында улуттук финансы институттарынын жетекчилиги жана өкүлдөрү катышты.
Кереге кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев ачып берди.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин төрайымы Роза Корчубековна Акназарова кереге кеңештин катышуучулары жана коноктору алдында учурашуу сөзү менен чыкты.
Кереге кеңештин катышуучулары Агенттиктин Кыргыз Республикасында мыйзамдар базасын өркүндөтүү, ага жоюучунун иш-милдеттерин ыйгаруу, көйгөйлүү заёмчулардын кайрылууларын кароо, “Улуттук банк лицензияны чакыртып алууда” “мажбурлап жоюу процедурасынан” кепилденген учур аныктамасын өзгөртүү, жеке жактар жана жеке ишкерлер колдонгон жана банк эмитирлеген электрондук акчаларды кепилденген депозитке киргизүү, акыркы эки жылда Депозиттерди коргоо фондун үч эсе көбөйтүү боюнча андан аркы өнүгүү жолдору менен таанышты.
Кереге кеңеште депозиттер системасынын катышуучуларынын мүчөлүк акыларынын чендерин эсептөөдө дифференттүү мамилеге, депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын тобокелдигин баалоого байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле россиялык тарап юридикалык жактардын депозиттерин камсыздандыруу тажрыйбасын көрсөттү.
Агенттик Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасын өркүндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондуна камсыздандыруу мүчөлүк акыларды аныктоодо ар бир катышуучуга адилеттүү мамилени камсыз кылган дифференттүү системаны сунуштайт. Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирге дифференттүү мүчөлүк акылар концепциясы иштелип чыккан, дифференттүү мүчөлүк акылар үлгүсүн иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө.