Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында “Кыялдар канат байлаганда” деген ураан астында балдардын сүрөттөрү, кагаздан жана пластилинден жасалган кол өнөрчүлүк боюнча сынак жарыялайт.
Сынактын негизги темалары:
— Акчаны кантип үнөмдөөгө болот?
— Акчаны кантип үнөмдөп, кантип көбөйтүү керек?
— Банктардагы депозиттик эсептерде акча сактоо коопсуз!
— Мамлекет жарандардын аманаттарын кантип коргойт?
— Үй-бүлөдө чыгашаларды кантип пландаштыруу керек?
— Мен чөнтөк акчамды туура башкарып жатамбы?
— Акчаны кантип сактоо керек?
Сынакка 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат.
Толук маалыматты : http://www.deposit.kg Агенттиктин сайттында же
0312 456 456; 0709 720 201(WhatsApp) телефондор аркылуу алса болот.
Сынактын материалдары төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек ш., Москва көч. 190, 2023-жылдын 30-октябры саат 17:00гө чейин.