Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин макамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги өз алдынча уюштуруу-укуктук формасына ээ юридикалык жак. Агенттик ыйгарым укуктуу, укуктары жана милдеттери бар көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Агенттик чечимдерди кабыл алууда жана бюджетин түзүүдө көз карандысыз.
Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын (ДКЭА) негиз салуучу принциптеринин бирине ылайык “Депозиттерди камсыздандыруучу уюм операциялык жактан көз карандысыз, талаптагыдай башкарууга ээ болуп, ачык, айкын, отчеттуу жана тышкы таасирлерден корголуу болушу керек. Демек, депозитти камсыздандыруучу уюм операциялык көз карандысыздыкка ээ болушу керек. Ал Өкмөттүн, борбордук банктын, көзөмөлдөөчү органдын же тармактын эч кандай таасири депозиттерди камсыздандыруучунун операциялык көз карандысыздыгына шек келтирбегендей керек.
Бүгүнкү күндө Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясында 95 өлкө катталган.
Ошол эле учурда көпчүлүк өлкөлөрдө Депозиттерди камсыздандыруу агенттиктери көз карандысыз макамга ээ, анан 10 өлкөдө гана ушундай агенттиктер Борбордук банктын алдында. Бул Шри-Ланка, Казакстан, Лаос, Мексика, Нидерланды, Парагвай, Руанда, Сан-Марино, Сауд Арабиясы, Белиз сыяктуу өлкөлөр.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Агенттиктин азыркы көз карандысыз макамы алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык келерин белгилей кетүү керек.
Депозиттерди коргоо фонду банктардын, микрофинансылык компаниялар-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын — мамлекеттик баалуу кагаздардан депозиттерди жана инвестициялык кирешелерди коргоо системасынын катышуучуларынын төлөнгөн милдеттүү мүчөлүк акылар эсебинен түзүлөт. 2023-жылдын 1-октябрына карата Депозиттерди коргоо фонду 5,5 млрд сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын жалпы депозиттик базасы учурда 415 миллиард сомду түзөт. Бул каражаттар экономиканы жана жарандарды кредиттөө үчүн пайдаланылат, убактылуу бош ресурстар мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн башкарууга максатында жумшалат да, ошого жараша мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жумшалат.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 Жарлыгын аткаруу максатында «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалды, анда Депозиттерди коргоо фондунун өлчөмүн мамлекеттик баалуу кагаздарды (МКВ, МКО) чыгаруу жолу менен эки жылдын ичинде 15 миллиард сомго чейин көбөйтүү каралган. Депозиттерди коргоо фонду «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банк-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялар-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын — депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын төлөнгөн милдеттүү мүчөлүк акылар жана мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн инвестициялык кирешелердин эсебинен түзүлөт. Депозиттерди коргоо фондунун көлөмүнүн өсүшүнүн учурдагы динамикасын эске алуу менен 2026-жылга карата Фонддун өздүк каражаттарын эске алуу менен аны 4 миллиард сомго жеткире капиталдаштыруу зарыл.
Белгилей кетсек, 2023-жылы «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген эң маанилүү өзгөртүү компенсациялык төлөмдүн өлчөмүн 200 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жогорулатуу болду. Бул өзгөртүү калк тарабынан өлкөнүн банк системасына болгон ишеним деңгээлине оң таасирин тийгизери талашсыз.
Ушуга байланыштуу жалпысынан депозиттерди коргоо тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Депозиттерди коргоо фондунун тиешелүү өлчөмүн түзүү маселеси маанилүү.