Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги ички аудитор кызматына ачык конкурс жарыялайт.

Images

Талаптар:

  • Бухгалтердик эсеп жана аудит же экономика жана финансы тармагында жогорку билим жана тиешелүү жумуш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;
  • Ички аудитор аткарылуучу функциялардын мүнөзүнө ылайык келген кесиптик көндүмдөргө жана квалификацияга ээ болууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан берилген ички аудитордун квалификациялык сертификатына жана/же аудит чөйрөсүндөгү кесиптик квалификациялык сертификаттарга ээ болууга тийиш.

Билимдер:

  • Кыргыз Республикасынын ички аудит жана бухгалтердик эсеп жөнүндөгү мыйзамдары;
  • Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын (ДКАЭА) негизги принциптери;
  • Кыргыз Республикасындагы банктар жана банктык иш-аракеттер жөнүндөгү мыйзамдар;
  • ички аудиттин принциптери, ички көзөмөлдүн жана тобокелдиктердин заманбап ыкмалары;
  • ишкердик этикет, жумушчу топтогу мамилелер этикасы;
  • эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы коргоо эрежелери жана ченемдери;
  • эмгек тартиби эрежелери, ушул кызматтык нускама, ошондой эле Агенттиктин кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу ички жоболору.

Негизги милдеттер:

  • ички аудит объектисинин ички көзөмөл тутумуна көз чаптыруу жана баа берүү жана анын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча Директорлор кеңешине жана Агенттиктин аткаруучу директоруна отчетторду жана сунуштарды берүү;
  • аудиттерди (анын ичинде пландан тышкаркы) жүргүзүү, ички көзөмөлдүн натыйжалуулугун баалоо, сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөө жана отчетторду даярдоо;
  • Агенттик жана анын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актылардын жана Агенттиктин башка ички документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу;
  • ички аудит Агенттиктин башкаруу органдарына ички көзөмөл тутумдарынын натыйжалуулугун сактоодо жана аларды өркүндөтүүдө жардам көрсөтүүгө багытталган.

Функциялар:

  • план боюнча ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жана башка пландан тышкаркы тапшырмаларды аткаруу;
  • Агенттиктин ички көзөмөл тутумунун адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна баа берүү жана баанын жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу. Баа төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
  • каржы-чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана эффективдүүлүгү;
  • Агенттиктин мүлкүнүн сакталышын жана активдеринин сапатын камсыздоо ыкмаларын текшерүү;
  • бухгалтердик (каржылык) жана башка отчеттуулуктун (тышкы жана ички) ишенимдүүлүгү, толуктугу жана өз убагында тапшырылышы;
  • кепилдик учур пайда болгондо компенсацияларды төлөө тартибин текшерүү;
  • ишмердүүлүктүн мыйзамдарга, ички уюштуруучулук-башкаруучулук документтерге жана стандарттарга шайкештиги;
  • каржылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана жетиштүүлүгүн баалоо;
  • автоматташтырылган тутумдарды колдонуудагы ички көзөмөл тутумунун ишенимдүүлүгүн аудиттөө, анын ичинде маалымат базаларынын бүтүндүгүн жана аларды уруксатсыз кирүүдөн жана/же пайдалануудан коргоону көзөмөлдөө, күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда иш-аракеттердин пландарынын болушу;
  • бухгалтердик эсептин жана каржылык отчеттордун ишенимдүүлүгүнүн, толуктугунун, объективдүүлүгүнүн жана өз убагында тапшырылышынын аудити;
  • Директорлор кеңешинин жана Агенттиктин аткаруучу директорунун (Башкармалыктын төрагасынын) тапшырмасы боюнча атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү;
  • аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюуга багытталган натыйжалуу чараларды көрүү боюнча Директорлор кеңешине жана аткаруучу директоруна сунуштарды даярдоо;
  • ички көзөмөл тутумун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Агенттиктин ишмердүүлүгүндөгү аудит жана ички көзөмөл маселелери боюнча корутундуларды даярдоо;
  • ички аудит жана көзөмөл маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдарды жана аларды колдонуу тартибин түшүндүрүү;
  • Агенттиктин тышкы аудитору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана башка тышкы көзөмөлдөө органдары менен аларга ишенимдүү жана так маалыматтарды берүү максатында өз ара аракеттенүү;
  • натыйжалуу ички көзөмөл тутумун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана ички документтерде каралган башка маселелер.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер скоросшивателге (Иш №) төмөнкү тартипте тигилип тапшырылат:

  • сүрөтү менен резюме;
  • негизги жана кошумча билимди (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы жумуш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер жумуш тажрыйбасы бар болсо), нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы жумуш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
  • илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен бирге тапшырылат);
  • соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.

Дареги: Бишкек ш., Москва көч., 190, тел.: 0312 456 456, 0995 555 720
Электрондук дареги: deposit@deposit.kg

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.