Биз сунуштайбыз:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Туруктуу эмгек акы;
- Кызыктуу жана амбициялуу тапшырмалар;
- Алдыңкы эксперттерден тажрыйба алуу;
- Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
- Корпоративдик окуу;
- Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума 8:30дан 17:30га чейин;
- Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- Экономикалык же гуманитардык билим;
- 3 жылдан кем эмес тиешелүү иш стажы;
- Кыргыз Республикасынын маалымат мыйзамдары;
- Маркетингдин, менеджменттин теориялык жана практикалык негиздери жана PR кампанияларын колдоонун негизги инструменттери;
- Макалаларды, пресс-релиздерди, презентация тексттерин (копирайтинг) жазуунун жана жогорку сапаттагы жарнамалык материалдарды түзүүнүн профессионалдык ыкмалары;
- Эл алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү байланыштарды жана ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана орнотууга карата ыкмалар;
- Кесиптик этика жана коллективдеги мамилелердин этикасы;
- Жогорку компьютердик сабаттуулук, MS Office Excel программалары менен иштөө;
- Ири көлөмдөгү маалыматтарды системалаштыруу, чогултуу жана иштетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөр;
- Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруштук берүү, командада иштей билүү;
- Жоопкерчилик, аткаруучулук, көңүл коюу сапаттары;
- Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөө.
Кандай милдеттерди аткарат:
- Депозиттерди коргоо тутумунун финансылык сабаттуулугун жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө Агенттиктин программасын стратегиялык иштеп чыгууга жана пландаштырууга катышат;
- Депозиттерди коргоо системасы жана коомчулук менен байланыштар жөнүндө калкты маалымдоо чөйрөсүндө Агенттиктин саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Жалпысынан финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана депозиттерди коргоо системасы жөнүндө калкты маалымдоо боюнча ар кандай мамлекеттик жана өкмөттүк эмес иш-чараларды жана стратегиялык пландарды ишке ашырууга катышат.
- Депозиттерди коргоо системасы жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маркетинг жана PR иш-чараларына катышат;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- Коомчулук менен байланышка жана калктын финансылык сабаттуулугуна, анын ичинде Агенттиктин иши жөнүндө маалыматтарды берүүгө байланышкан кызматтык суроо-талаптарга жана каттарга жоопторду даярдайт;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, коммерциялык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Агенттик тарабынан өткөрүлүүчү брифингдерди, пресс-конференцияларды жана башка иш-чараларды, маалыматтык кампанияларды даярдоону жана өткөрүүнү ишке ашырат;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-релиздерди жана башка маалыматтык материалдарды даярдайт;
- Маалыматтык жана аналитикалык материалдарды даярдайт;
- Расмий WEB ресурсун жана башка интернет-ресурстарды колдоого жана илгерилетүүгө катышат;
- Агенттиктин маркетинг жана PR ишмердүүлүгүнө тиешелүү отчетторду иштеп чыгуу жана жарнамалык-басма материалдарын, сувенирлерди, визиттик карталарды жана брендбукка (корпоративдик стилге) ылайык башка атрибуттарды түзүү боюнча иштерди уюштурат;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Агенттиктин расмий WEB ресурсунда жарыялоо үчүн маалыматтык материалдарды жана тексттерди даярдайт;
- Социологиялык изилдөөлөр үчүн техникалык тапшырмаларды, ошондой эле анкеталарды даярдоону жана иштеп чыгууну уюштурат жана жүргүзөт;
- Маалыматтык иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу отчетторду даярдайт;
- Агенттиктин жетекчилигинин катышуусун уюштурат, ошондой эле Агенттиктин ишине жана бүтүндөй финансы рыногуна тиешелүү маселелер боюнча ар кандай пресс-конференцияларга, эл аралык жана жергиликтүү семинарларга, конференцияларга, окуу курстарына түздөн-түз катышат;
- Маалыматтык материалдарды чогултуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- дипломдордун, билими тууралуу аттестаттын көчүрмөлөрү;
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456
Байланыш маалыматы:
- телефон: +996 (312) 456456
- факс: +996 (312) 45 55 27
- deposit@deposit.kg
- https://www.deposit.kg/