2023-жылы 19-декабрда «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитинде жарык көрдү. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин, т.а. 2024-жылы 19-мартта күчүнө кирет.
2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери конок лекциясын уюштуруп, **Токмок шаарындагы Борбордук Азиянын Эл аралык университети**нин студенттерине депозиттерди коргоо системасы жөнүндө лекция окуп беришти.
Кереге кеңештин жүрүшүндө Тобокелдиктерди баалоонун негизинде дифференцирленген мүчөлүк акылар өлчөмүн аныктоонун усул долбоору көрсөтүлдү, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Депозиттерди коргоо боюнч агенттигинин ведомство аралык жумушчу тобунда иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары колундагы депозиттик базасынан жылдык 0,2% өлчөмүндө мүчөлүк акылардын так ченин Депозиттерди коргоо фондуна төгөт.
«Суу булагына жол» — араб тилинен лирикалык которгондо «шарият» деген сөз ушундай угулат. Гумандуу ипотека, исламдагы акча түшүнүгү, тобокелдиктерди жана пайдаларды бөлүшүү — исламдык каржылоо шариятка негизделген жана дүйнөгө руханий баалуулуктарды алып келет.
Дуйнөлүк Банк Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу (SECO) менен он жыл бою 2023-жылдын экинчи жарымында аяктаган финансылык секторду өнүктүрүү программасы алкагында техникалык консультативдик жардам көрсөтүп келген. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев мырза жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хасан Накви Навид мырза менен жолугушуунун жүрүшүндө ага Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасына жасаган салымы үчүн ыраазычылык кат жана эстелик белек тапшырылды.
“Чыңгыз Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында ф.и.к., Ж.М. Орозалиева катышуучулар үчүн кызыктуу баяндама жасап, Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянындагы айрым кызыктуу фактыларга кеңири токтолуп, иш-чаранын катышуучулары менен кызыктуу маек алып барды
2023-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги **Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети**нин студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрдү.
2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ыраазычылык каты **Азия өнүктүрүү банкы**нын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву мырзага тапшырылды.
Кыргызстанда депозиттерди коргоо боюнча жаңы жоболор кандай иштейт? Эл ичинде жүргөн ар кандай сөздөргө карабастан, эмне үчүн улуттук валютадагы банктардагы аманаттар пайдалуу? Ушулар туурасында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов айтып берди.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МТ аудит кызматын сатып алат.
Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
Депозиттер буга чейин эле акчаны топтоонун, ал тургай кээде сактоонун салттуу жолу болуп калды. Бул анын жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону менен түшүндүрүлөт: эсеп ачуу үчүн сиз каржылык-кредиттик мекемеге келип, ылайыктуу депозитти тандап, банк менен келишим түзөсүз.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагында К.И.Скрябин атындагы КУАУ алдындагы Техникалык-экономикалык колледждин студенттерине лекция- семинар өтүлдү.
К.И. Скрябин атындагы КУАУ алдындагы Техникалык-экономикалык колледждин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине ыраазычылыгын билдирип, Агенттиктин кызматкерлери — инвестициялоо менеджери, Чыңгыз Танабаевге жана төлөмдөр боюнча менеджер, Санжар Шергазиевге Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн максаты акча сактоо маданиятын өнүктүрүү үчүн балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат, анткени үнөмдөө адамдын келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.