Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2023-жылдын 14-ноябрында Бишкекте өткөн Эл аралык Инновациялык технологиялар университетинде, Илим күнүнө арналган “Жаңы тенденциялар, экономикадагы реалдуулуктар жана аны ишке ашыруу жолдору” аттуу конференцияга катышты.
Биз журналисттерди, жеке авторлорду, басма, телевидение, радио, электрондук жана аудиовизуалдык маалымат каражаттарынын чыгармачыл топторун чакырабыз.
Сынак Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) төмөнкү номинациялары боюнча өткөрүлөт:
• Басма жана интернет, социалдык тармактардагы басылмалардын эң мыкты басылмасы.
• Телекөрсөтүүдөгү эң мыкты материал.
• Телерадио каражаттарындагы эң мыкты материал.
Сынакка катышуу материалдарын deposit@old.deposit.kg же Бишкек ш., Москва көч., 190 дареги боюнча жөнөтүлөт.
Сынак иштери 2023-жылдын 11-декабрын кошкондо, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү
Сынактык материалдар 2023-жылдын 18-сентябрынан 11-декабрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
Сынакты өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү жарыялоо – 2023-жылдын 25-декабрына чейин
Сынактык материалдарды баалоо критерийлери
— баяндоонун объективдүүлүгү;
— колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү, жеткиликтүү баяндоо;
— теманын толук ачуу;
— ар түрдүү форматтар жана визуализация (мултимедиа).
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктар
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, 3 номинация боюнча үч жеңүүчүнү аныктайт.
Депозиттерди коргоо агенттиги «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде лекция- семинар өттүү.Бүгүн, 2023-жылдын 11-ноябырында, Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетинин 3-курстун студенттери үчүн «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына карата Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темада лекция-семинар өткөрүлдү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Султан Мамбеткалиев атындагы Чуй университетинин жана Кыргызстан эл аралык университетинин студенттерине Дүйнөлүк каражат топтоо күнү жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция-семинарды интерактивдүү форматта өттүү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине лекция-семинар өттү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери 2023-жылдагы Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттерине лекция- семинар өттүү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023″ иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Бишкек мамлекеттик университетинин студенттерине Дүйнөлүк каражат топтоо күнү жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция- семинар интерактивдүү форматта өттү.
2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университинин студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча лекциясы болуп өттү.
Дүйнөлүк каражаттарды топтоо күнүнун негизги максаты, бул калктын, анын ичинде балдардын, жаштардын каражат топтоо, үнөмдөө жана көбөйтүү маданиятын онуктуруу, финансы сабатсыздыгын жогорлатуу жана банк секторуна ишенимин кобойтуу болуп саналат.Ушул багыттарды ишке ашууруу учун, Кыргыз Республикасынын депозиттерди корго боюнча агенттигинин алып барып аткан иш шаралары менен тааныштырды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы ПЖ № 281 “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.
2023-жылдын 26-октябрында «Бүткүл дүйнөлүк каржы топтоо күнү-2023» иш-чарасын өткөрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде ачык эшиктер күнү жана коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компаниялардын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы тууралуу лекция өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги өз алдынча уюштуруу-укуктук формасына ээ юридикалык жак. Агенттик ыйгарым укуктуу, укуктары жана милдеттери бар көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Агенттик чечимдерди кабыл алууда жана бюджетин түзүүдө көз карандысыз.
2023-жылдын 23-октябрында Бүткүл дүйнөлүк каржы топтоо күнү-2023 мааракесин өткөрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде ачык эшиктер күнү жана банктарынын кызматкерлери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча лекция өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев бардык кыргызстандыктарды бүткүл дүйнөдө жыл сайын өткөрүлүүчү Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 аттуу иш-чаралардын башталышы менен куттуктады.
Бүгүн, 2023-жылдын 23-октябрында, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-4 курстун студенттери үчүн «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция-семинарды Агенттиктин тобокелдик–менеджери — Адам Бейшеналы (негизги лектор), мамлекеттик тил адиси — Айдар Олжобаев жана маалыматтык технологиялар администратору Максат Өмүралиев интерактивдүү форматта өтүштү.