Депозиттерди коргоо боюнча агенттик 2026-жылга тышкы аудиторду аныктады

026A7184

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде 2026-жылдын 31-декабрында аяктаган жылдык Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына(ФОЭС) ылайык даярдалган Агенттиктин финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүүчүн тышкы аудитордук компания бекитилди.

Аудитордук компанияны тандап алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «КР ДКАнын сырткы аудитине карата минималдууталаптар жөнүндө» Жобого жана бекитилген техникалык тапшырмага ылайыкжүргүзүлдү.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин 2026-жылдык финансылык отчеттуулугунатышкы аудитти эл аралык деңгээлде таанылган «ЭйчЭлБи Марка Аудит» ЖЧКкомпаниясы жүргүзөт.

Бүгүн компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө келишимдиншарттары, тышкы аудитти өткөрүү планы, ошондой эле аудитордук тапшырманыаткаруунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн кийинки этаптары талкууланды.

Көз карандысыз сырткы аудитти өткөрүү Агенттиктин финансылык отчеттуулуктуначык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумуна болгон ишенимдин жогорку деңгээлинсактоо боюнча ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.