Кыргызстанда Swiss State Secretariat for Economic Affairs (ШвейцариянынЭкономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы) жана World Bank Group каржылык, институционалдык жана техникалык жардам көрсөтүүчү негизги эл аралыкөнөктөштөрдүн бири болуп саналат.
SECO Кыргызстанда өткөөл экономикалуу өлкөлөргө көмөк көрсөтүүпрограммасынын алкагында иштейт. Негизги басым – туруктуу экономиканы, каржысекторун жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүгө жасалат.
«Өнүгүү үчүн каржы» программасы боюнча техникалык жардамдын алкагында SECO төмөнкүлөргө колдоо көрсөтөт:
● банк секторун өнүктүрүүгө;
● каржы системасынын туруктуулугун жогорулатууга;
● каржы рыногун жөнгө салууну өркүндөтүүгө;
● банктык көзөмөлдүн эл аралык стандарттарын киргизүүгө.
SECO каржы туруктуулугу жана банк системасына болгон ишеним мененбайланышкан реформаларды колдойт, бул депозиттерди коргоо системасы менентүздөн-түз байланышкан.
2026-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргооагенттигинде (мындан ары – Агенттик) аткаруучу директордун орун басары Нурлан Байбосунов менен Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттиккатчылыгынын (SECO) Берндеги программалар боюнча менеджери Рональд Гиндраттын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Швейцариянын Бишкектеги Элчилигинин экономикалык өнүктүрүү жанабашкаруу багытынын жетекчиси Рено Винье, Кыргыз Республикасындагы ШвейцарияЭлчилигинин экономикалык маселелер боюнча улуттук программалык кызматкериАйым Бииназарова, Агенттиктин Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүнначальниги Бакыт Базарбаев, персонал жана байланыштар бөлүмүнүн начальнигиАйдар Олжобаев жана башкы адис Бабур Абдилов да катышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин техникалыкмүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу алкагында SECO тарабынан каржыланып жатканучурдагы долбоорлордун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынДепозиттерди коргоо агенттигинин административдик функцияларынынмүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга басым жасоо менен мындан аркы жемиштүүкызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Агенттик тарабынан сунушталган келечектегидолбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.




