СибМУжТ командасы «Жоогазын» эл аралык фестивалында КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кейс-мелдешинин жеңүүчүсү болду

2026.03.26

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Жоогазын» аттуу жарнама жана коомчулук менен байланыш (PR) боюнча улуттук фестиваль аяктады. 2026-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин үч күнгө созулган бул иш-чара Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген 300дөн ашык студентти, магистрантты жана тажрыйбалуу адистерди бириктирген эл аралык билим берүү аянтчасына айланды.

КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (ДКОА) фестивалдын расмий өнөктөшү катары чыкты. Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев ачылыш аземинде сүйлөп жатып, мындай аянтчалардын жаштардын потенциалын ачууда жана мамлекеттик сектордогу инновацияларды өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Фестивалдын борбордук окуяларынын бири практикалык кейстерди чечүү боюнча сынак болду. Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги катышуучуларга өз ишмердүүлүгүнөн алынган «Калктын банк тутумуна болгон ишенимин жана маалымдуулугун жогорулатуу» аттуу реалдуу кейсти сунуштады. Аны беш интернационалдык команда талдап чыгышты. Студентер жасалма интеллект, «жашыл» экономика жана киберкоопсуздук сыяктуу актуалдуу темаларды колдонуу менен каржылык сабаттуулукту жайылтуу стратегияларын сунушташты.
Презентациялардын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун — М.Ф. Решетнёв атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технологиялар университетинин «ПоПИАРити» командасы (СибМУ, Россия);
  • II орун — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Hillers» командасы (Кыргызстан);
  • III орун — Алтай мамлекеттик университетинин «В двух словах» командасы (АлтУ, Россия).
    Ошондой эле кейсти иштеп чыгууга жана фестивалдын иш-чараларына Б. Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин (УрФУ) жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) командалары активдүү катышты.

Фестивалдын уюштуруучулары болуп Ж. Баласагын атындагы КУУ, «PRaspekt» жарнама агенттиги жана КТМУ «Манас» университети эсептелет. Иш-чара GIZ, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен өттү.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.