Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 мааракесине арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында иш-чараларды баштады.
Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында, Агенттиктин инвестицияларды жайгаштыруу менеджери Чынгыз Танабаев жана Агенттиктин төлөмдөрдү уюштуруу менеджери Санжар Шергазиев, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери үчүн семинар өткөрүштү. Лекторлор студенттерге Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн тарыхын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасы жөнүндө айтып беришти.
1924-жылдын 31-октябрында Миланда (Италия) аманат кассаларынын Бүткүл дүйнөлүк коомунун биринчи эл аралык конгрессинде, Дүйнөлүк каражат топтоо күнү деп жарыяланган.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнү деп аталат, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарга «Акчанын үйдө эмес, банкта сакталышы ишенимдүү» деген идеяны үйрөтүү үчүн түзүлгөн.