Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2023-жылдын 14-декабрында кол койду.
2023-жылы 19-декабрда «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитинде жарык көрдү. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин, т.а. 2024-жылы 19-мартта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Мыйзамды 2023-жылдын 26-октябрында кабыл алган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.
Ошону менен бирге, Мыйзамда контроль жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып кепилдик учур келерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.
Мындан тышкары, Мыйзамда башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата кошумча квалификациялык талаптарды жана аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоонун чектик мөөнөтү каралган.