Ишембилик – таза шаар үчүн биргелешкен салым

нов суботник 3 1024x473

2024-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районундагы Темирязев көчөсүндө өткөрүлгөн ишембиликке активдүү катышышты.

Иш-чаранын алкагында көчө аймактары тазаланып, таштандылар жыйналып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай демилгелер шаарды көрктөндүрүүгө жана экологиялык маданиятты калыптандырууга чоң салым кошот.

Депозиттерди коргоо агенттиги коомдук иштерге активдүү катышууну жана таза айлана-чөйрөнү сактоону маанилүү багыт катары колдойт.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.