Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кыргызтелекомдо лекция өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Кыргызтелеком ишканасынын кызматкерлери үчүн Агенттиктин ишмердүүлүгүнө арналган кызыктуу лекция өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө депозиттерди коргоо системасынын негизги принциптери, аманатчылардын укуктары жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар активдүү суроолорду беришти.
Иш-чарага бөлүм башчылары катышып, эң активдүү кызматкерлерге белектер тапшырылды. Лекциянын алкагында Кыргызтелекомдун башкы директору Нурлан Мадаминов менен жолугушуу болду.