Агенттик Мамлекеттик тил күнүнө арналган расмий жыйынга катышты
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган расмий жыйынга катышты.
Расмий жыйындын жүрүшүндө Агенттиктин атынан Комиссиянын төрагасы **Мелис Мураталиев**ге, ошондой эле бир катар сыйлуу конокторго чакан белектер тапшырылды.
Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын колдоо багытындагы маанилүү демилгелерди белгилөө максатын көздөдү.