Аманаттарды камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулуктагы ролу талкууланды

Businessmen elegant suits business meeting discussing new project office 1536x1024

2025-жылдын 18-июлунда Армения Республикасынын Дилижан шаарында Армения Республикасынын Аманаттарды кайтарып берүү кепилдигинин фонду тарабынан Фонддун 20 жылдыгына арналган
«Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) системасынын финансылык туруктуулукту камсыздоодогу ролу» темасында панелдик сессия уюштурулду.

Панелдик сессияга **Евразия экономикалык бирлиги**не мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жана борбордук банктарынын өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле иш-чарага видеоконференцбайланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын **Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги**нин атынан аткаруучу директор Букуев К.Дж., аткаруучу директордун орун басары Байбосунов Н.М. жана Агенттиктин кызматкерлери катышышты.

Панелдик сессиянын жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралып, талкууланды:

  • Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) системасынын финансылык туруктуулукту камсыздоодогу ролу;
  • Интеграцияланган стресс-тесттер жана симуляциялык моделдер — аманаттарды камсыздандыруу системасынын инвестициялык портфелинин стратегиялык туруктуулугун жогорулатуу куралы катары.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.