Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы – 2024 өтөт

431513614 1078403066582132 3680820230109334785 n

2024-жылдын 18-мартынан тартып 24-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында «Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда» урааны алдында Глобалдуу акча жумалыгы – 2024 өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан:

  • мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактар,
  • жогорку окуу жайларда лекциялар жана тренингдер,
  • ар кандай агартуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен социалдык тармактарда:

  • экскурсиялар,
  • коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү,
  • балдардын сүрөттөрү жана видеороликтери боюнча сынактар,
  • башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.

Глобалдуу акча жумалыгы – 2024 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат төмөнкү расмий сайттарда жана социалдык тармактарда жарыяланган:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: www.nbkr.kg
  • «Финсабат» порталы: www.finsabat.kg
  • Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги: www.deposit.kg
  • Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчалары

Маалымат үчүн:
Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) — бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык масштабдагы кампания.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.