Финансы-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча секторунун башчысы Нургүл Артисбековна Касыгулова Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук сыйлыгы – «Финансы-экономикалык иштин отличниги» аттуу төш белгиси менен сыйланды.
Финансы-экономика системасындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын финансысын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүндө, Кыргыз Республикасынын депозитти коргоо боюнча агенттигинин Банктардын жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча секторунун башчысы Нургүл Артисбековна Касыгулова Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук сыйлыгы – «Финансы-экономикалык иштин отличниги» аттуу төш белгиси менен сыйланды.
Агенттиктин жамааты Н.А.Касыгулованы куттуктап, чың ден соолук, жаңы перспективаларды жана ийгиликтерди каалайт.