2023-жылы 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору К.Дж. Букуев профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык № 5 мектеп-лицейинин 5 “А” классынын окуучусу — Балдардын сүрөт жана кол өнөрчүлүк сынагынын жеңүүчүсү Айбике Камаловага “Молчулуктун кесеси” жасалгасы үчүн эстелик белектерди тапшырып кетти.

026A8303 1140x760

Агенттиктин эстелик белектери жюри мыкты деп тапкан сүрөттөр үчүн ушул эле мектеп-лицейинин кийинки окуучуларына дагы тапшырылды.

Олжобаева Акылай – 4 “А” классынын окуучусу, “Бир сомго бир тыйын кепил” сүрөт үчүн;

Камалова Назия – 7-класстын окуучусу, акчалай каражаттарды туура пайдаланууну чагылдырган сүрөт үчүн.

Балдардын сүрөттөр жана кол өнөрчүлүк сынагы “Кыялдар канат байлаганда” ураан менен “Бүткүл дүйнөлүк акча топтоо – 2023” иш-чарасы алкагында өттү.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.