2023-жылы 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам 1140x806

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы ПЖ № 281 “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталган:

  • банк тарабынан чыгарылган электрондук акчалай каражаттарды киргизүү жолу менен, ага ээлик кылган жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин камсыздандырылуусун кеңейтүү.
    • Агенттиктин функциялары (иш-милдеттери) төмөнкүдөй болуп кеңейтилди:

— мыйзамдарда белгиленген тартипте банктарды жана финансы-кредиттик уюмдардын жоючусу болот;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алган банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү заёмчуларынын кайрылууларын карайт;

— банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча депозиттердин милдеттүү коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу үчүн зарыл башка иш-милдеттерди, ыйгарым укуктарды жана укуктарды ишке ашырат;

  • Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, Агенттиктин аткаруучу директорунун жана анын орун басарынын иш-милдеттерине жана квалификациялык талаптарына толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилди.
  • Агенттиктин уюштуруу түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.