2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2008-жылдын 7-майындагы No 78 “Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам 1140x806

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү сунуштайт:

— банк тарабынан эмитирлеген электрондук акчалай каражаттарды киргизүү жолуу менен, ага ээлик кылган жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттерин камсыздандырылуусун кеңейтүү.
— Агенттиктин функциялары (иш-милдеттери) төмөнкүдөй болуп кеңейтилди:
— мыйзамдарда белгиленген тартипте банктарды жана финансы-кредиттик уюмдардын жоючусу болот;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен лицензияланган банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү заёмчуларынын кайрылууларын карайт;
— банктарды жана финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу боюнча депозиттердин милдеттүү коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу үчүн зарыл башка иш-милдеттерди, ыйгарым укуктарды жана укуктарды ишке ашырат.
— Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн, Аткаруучу директордун жана анын орун басарынынын иш-милдеттерине жана алардын квалификациялык талаптарына карата толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.
— Агенттиктин уюштуруу түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.