2023-жылы 3-4 октябрда Армения Республикасынын Ереван шаарында, Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеңешке караштуу ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун кезекетеги отуруму өттүүдө.

WhatsApp Image 2023 10 03 at 17.27.58 1 e1696333280416 300x199

Оффлайн жана онлайн форматында өтүп жаткан отурумга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын аманттарды камсыздоо (кепилдөө) жаатында финансылык институттарынын өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле, Германия мамлекетинин банк ассоциациясынын өкулу дагы катышууда.

Отурумду Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү онлайн форматта катышууда, аткаруучу директор Кадырбек Джумабекович Букуев, инвестициялоо секторунун менеджери Танабаев Ч.М., төлөө секторунун менеджери Шергазиев С.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана ананы кудуретсиздиги (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүүнүн маселелери төмөнкү темаларда талкууланып келди:
• Трансчегаралык аманаттарды камсыздоо;
• Депозиттерди камсыздандыруу фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары.
• Банктын банкротствосуна тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууда депозиттерди камсыздандыруучунун ролу
• Жоюлган банктын депозиттерин камсыздоочулардын (кепилдөөчүлөрдүн) талап коюу укугу.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.