Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн утурлай “Кыргызстандын банктар союзу” юридикалык жактар бирикмеси экономиканын финансы-кредит секторун өнүктүрүүгө кошкон жогорку салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстандын банктар союзунун милдеттерин ишке ашырууга кошкон салымы үчүн:— Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Мокушевич Байбосуновду «Кыргызстан банктар союзу» юридикалык жактар бирикмесинин атынан Ыраазычылык каты менен— Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин Тобокелдик жана аналитика секторунун аналитика боюнча эксперти Гүлжан Бекжановна Айдарованы “Кыргызстан банктар союзу” юридикалык жактар бирикмесинин атынан Ардак грамотасы менен сыйланышты.

СБК1

Агенттиктин жамааты Н.М. Байбосунов менен Г. Б. Айдарованы сыйлыктары менен чын ыкластан куттуктап, чың ден соолук, Кыргызстандын финансы-кредит секторун өнүктүрүүнүн бакубатчылыгы үчүн жаңы келечектерди жана жетишкендиктерди каалайт.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.