+996 (312) 45‒64‒56

+996 (312) 45‒55‒27

Дарек: Кыргызстан, Бишкек ш., Москва көчөсү, 190

Банкрот болгон уюмдардын аманатчыларына компенсация төлөө тартиби

Бул баракта банкрот деп табылган банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсация төлөөнүн тартиби боюнча расмий маалымат берилет.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги (мындан ары — Агенттик) жеке жактардын жана жеке ишкерлердин банктарда, микрофинансылык компанияларда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда жайгаштырылган аманаттарын коргоо тутумунун иштешин камсыз кылуучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Агенттиктин ишмердүүлүгү өлкөнүн финансылык туруктуулугун сактоого жана калктын банк тутумуна болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Агенттиктин негизги функцияларынын бири — депозиттерди коргоо тутумуна катышуучу уюмдардын аманатчыларына мыйзамдарда белгиленген тартипте жана чектерде компенсация төлөп берүү болуп саналат.

Учурда Агенттик банкрот болгон банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсация төлөө процессин автоматташтыруу боюнча чараларды ишке ашырууда.

Иштелип чыккан программалык чечимдер аманатчылар тууралуу маалыматтарды так иштеп чыгууга, агент-банктар аркылуу компенсацияларды ыкчам төлөп берүүгө, ошондой эле отчеттук жана аналитикалык материалдарды автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет.

Натыйжада компенсация төлөө процесси жарандар үчүн дагы да ачык-айкын, коопсуз жана ыңгайлуу болуп калууда.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.