Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин персонал менен иштөөжана байланыштар бөлүмүнүн кабарлоо боюнча башкы адиси бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт

Performance marketing scaled

Биз сунуштайбыз:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Туруктуу эмгек акы;
  • Кызыктуу жана амбициялуу тапшырмалар;
  • Алдыңкы эксперттерден тажрыйба алуу;
  • Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
  • Корпоративдик окуу;
  • Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума 8:30дан 17:30га чейин;
  • Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Экономикалык же гуманитардык билим;
  • 3 жылдан кем эмес тиешелүү иш стажы;
  • Кыргыз Республикасынын маалымат мыйзамдары;
  • Маркетингдин, менеджменттин теориялык жана практикалык негиздери жана PR кампанияларын колдоонун негизги инструменттери;
  • Макалаларды, пресс-релиздерди, презентация тексттерин (копирайтинг) жазуунун жана жогорку сапаттагы жарнамалык материалдарды түзүүнүн профессионалдык ыкмалары;
  • Эл алдында чыгып сүйлөө жана иштиктүү байланыштарды жана ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана орнотууга карата ыкмалар;
  • Кесиптик этика жана коллективдеги мамилелердин этикасы;
  • Жогорку компьютердик сабаттуулук, MS Office Excel программалары менен иштөө;
  • Ири көлөмдөгү маалыматтарды системалаштыруу, чогултуу жана иштетүү боюнча жогорку көрсөткүчтөр;
  •  Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруштук берүү, командада иштей билүү;
  •  Жоопкерчилик, аткаруучулук, көңүл коюу сапаттары;
  •  Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөө.

Кандай милдеттерди аткарат:

  • Депозиттерди коргоо тутумунун финансылык сабаттуулугун жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө Агенттиктин программасын стратегиялык иштеп чыгууга жана пландаштырууга катышат;
  • Депозиттерди коргоо системасы жана коомчулук менен байланыштар жөнүндө калкты маалымдоо чөйрөсүндө Агенттиктин саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
  • Жалпысынан финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана депозиттерди коргоо системасы жөнүндө калкты маалымдоо боюнча ар кандай мамлекеттик жана өкмөттүк эмес иш-чараларды жана стратегиялык пландарды ишке ашырууга катышат.
  • Депозиттерди коргоо системасы жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маркетинг жана PR иш-чараларына катышат;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
  • Коомчулук менен байланышка жана калктын финансылык сабаттуулугуна, анын ичинде Агенттиктин иши жөнүндө маалыматтарды берүүгө байланышкан кызматтык суроо-талаптарга жана каттарга жоопторду даярдайт;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, коммерциялык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Агенттик тарабынан өткөрүлүүчү брифингдерди, пресс-конференцияларды жана башка иш-чараларды, маалыматтык кампанияларды даярдоону жана өткөрүүнү ишке ашырат;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-релиздерди жана башка маалыматтык материалдарды даярдайт;
  • Маалыматтык жана аналитикалык материалдарды даярдайт;
  • Расмий WEB ресурсун жана башка интернет-ресурстарды колдоого жана илгерилетүүгө катышат;
  • Агенттиктин маркетинг жана PR ишмердүүлүгүнө тиешелүү отчетторду иштеп чыгуу жана жарнамалык-басма материалдарын, сувенирлерди, визиттик карталарды жана брендбукка (корпоративдик стилге) ылайык башка атрибуттарды түзүү боюнча иштерди уюштурат;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Агенттиктин расмий WEB ресурсунда жарыялоо үчүн маалыматтык материалдарды жана тексттерди даярдайт;
  • Социологиялык изилдөөлөр үчүн техникалык тапшырмаларды, ошондой эле анкеталарды даярдоону жана иштеп чыгууну уюштурат жана жүргүзөт;
  • Маалыматтык иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу отчетторду даярдайт;
  • Агенттиктин жетекчилигинин катышуусун уюштурат, ошондой эле Агенттиктин ишине жана бүтүндөй финансы рыногуна тиешелүү маселелер боюнча ар кандай пресс-конференцияларга, эл аралык жана жергиликтүү семинарларга, конференцияларга, окуу курстарына түздөн-түз катышат;
  • Маалыматтык материалдарды чогултуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча ишти жүзөгө ашырат

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • дипломдордун, билими тууралуу аттестаттын көчүрмөлөрү;
  • сунуш каттары (эгер бар болсо).

Документтер 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456

Байланыш маалыматы:

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.