Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Жоогазын — 2026» фестивалында креативдүү муунга колдоо көрсөтүүдө

WhatsApp Image 2026 03 26 at 15.31.27 (1)

Бүгүн Бишкекте ар кайсы өлкөлөрдүн креативдүү жаштарын жана студенттерин бириктирген «Жоогазын» улуттук PR жана маркетинг фестивалынын расмий ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги бул иш-чаранын расмий өнөктөшү катары катышууда.

Фестивалдын катышуучуларына Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Өз сөзүндө ал каржы секторундагы негизги актив катары ишенимдин маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө заманбап маркетингдик инструменттерди колдонуунун зарылдыгына токтолду. «Каржы секторунда ишеним эң баалуу жана ошол эле учурда эң назик актив болуп саналат. Биздин миссия — банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу жана жарандардын аманаттарын коргоо», – деп белгиледи ал.

2026-жылы фестивалга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын университеттеринен 100дөн ашык студенттер жана командалар катышууда. Бул «Жоогазын» фестивалын коммуникация тармагындагы эл аралык билим берүү жана кесиптик аянтчага айлантат.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги коомдогу каржылык туруктуулукту жана ишенимди чыңдоо үчүн алдыңкы технологияларды колдонуу менен, жарандардын аманаттарынын сакталышынын ишенимдүү кепилдиги катары иш алып барууну улантууда.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.