Эл аралык тажрыйба жана кызматташтык
- Башкы
- Эл аралык тажрыйба жана кызматташтык
Эл аралык тажрыйба жана кызматташтык
Эл аралык кызматташтык — депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууда, тажрыйба алмашууда жана алдыңкы эл аралык стандарттарды киргизүүдө маанилүү курал болуп саналат.
Депозиттерди камсыздандыруучулардын Эл аралык ассоциациясы (IADI)
\
IADI — депозиттерди камсыздандыруучуларды, финансылык коопсуздук тутумунун башка катышуучуларын жана эл аралык каржы институттарын бириктирген глобалдык форум.
Ассоциациянын максаты — аманатчыларды коргоо, банктардын туруктуулугун бекемдөө жана финансылык туруктуулук чөйрөсүндө алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жайылтуу.
IADI тарабынан иштелип чыккан негиз берүүчү принциптер депозиттерди камсыздандыруунун натыйжалуу системалары үчүн эл аралык деңгээлде таанылган стандарт болуп эсептелет.
Учурда IADI курамына 95 мүчө, 12 ассоциацияланган компания жана 17 байкоочу кирет.
Депозиттерди камсыздандыруучулардын Европа форуму (EFDI)
EFDI мүчөлөрү банктык кризистер шартында аманатчыларды коргоо боюнча өз мандаттарын аткаруу үчүн Ассоциациянын жалпы билим базасы жана практикалык тажрыйба алмашуу аркылуу колдоо алышат.
Форум аймактык финансылык туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүп, өз мүчөлөрүнүн практикалык тажрыйбасына таянган методикалык материалдарды жана отчетторду үзгүлтүксүз жарыялап турат.
Ошондой эле EFDI Европа аймагында депозиттерди кепилдөө системалары боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө катышат.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК)
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) — Евразия экономикалык биримдигинин туруктуу иштеген жөнгө салуучу органы болуп саналат жана өз ишин 2012-жылдын 2-февралынан тартып баштаган.
ЕЭКтин негизги милдети — ЕАЭБдин иштеши жана өнүгүшү үчүн шарттарды камсыз кылуу, ошондой эле интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
ЕЭК курамына беш мамлекет кирет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы.