2023-жылы 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Жогорку Кеңештин, Улуттук банктын, Финансы министрлигинин, Кыргызстан банктары биримдигинин, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин өкүлдөрүнүн жана депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары — коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кереге кеңеш өткөрүлгөн. Кереге кеңеште “Банктык аманататрды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлоргө тиешелүү жана тобокелдиктерди баалоонун негизинде мүчөлүк акылар чендерин аныктоодо дифференцирленген мамилени ишке киргизүү маселелери каралып, талкууланды.

026A8638 1140x760

Кереге кеңештин жүрүшүндө Тобокелдиктерди баалоонун негизинде дифференцирленген мүчөлүк акылар өлчөмүн аныктоонун усул долбоору көрсөтүлдү, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Депозиттерди коргоо боюнч агенттигинин ведомство аралык жумушчу тобунда иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары колундагы депозиттик базасынан жылдык 0,2% өлчөмүндө мүчөлүк акылардын так ченин Депозиттерди коргоо фондуна төгөт.

Кереге кенештин катышуучулары менен талкуунун жыйынытыгында сунушталып жаткан усул долбоорун жеткире иштеп чыгуу, ошондой эле депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларын камтыгандай жумушчу топтун курамын кеңейтүү жөнүндө резолюция кабыл алынды.

Тобокелдиктерди баалоонун негизинде дифференцирленген мүчөлүк акыларды аныктоо усулу

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.