2024 Глобалдык акча жумалыгынын алкагында студенттер үчүн конок лекция өткөрүлдү

026A9375 1024x683

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери 2024 Глобалдык акча жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу **Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы**нын студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрүштү.

Лекциянын жүрүшүндө депозиттерди коргоо тутумунун максаттары, иштөө механизми, аманатчылардын укуктары жана кепилденген компенсациялар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жооптор берилди.

Бул иш-чара жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана банктык кызматтарды туура пайдалануу боюнча түшүнүктөрдү калыптандырууга багытталган.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.