«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык (мындан ары — Мыйзам), «АБН» МФК ААК 2024-жылдын 12-апрелинен тартып Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын реестрине киргизилди.
Учурда Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары болуп 23 банк жана 2 микрофинансылык компания саналат.
Депозиттерди коргоо системасы кепилденген учур келгенде, Мыйзамда каралган өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөп берүү жолу менен банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан депозиттерди кабыл алууга лицензия берилген турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларын коргоого багытталган. Ошондой эле бул система банк тутумунун жалпы туруктуулугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Мыйзамга ылайык, кепилденген учур келип чыккан учурда депозиттер боюнча эсептелген үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпаган өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет.


