Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата лекциялар өттү

WhatsApp Image 2025 10 14 at 16.19.08 1536x864

31-октябрда белгилене турган Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 14-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети базасында депозиттерди коргоо жана каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө аманаттарды коопсуз сактоо, депозиттерди коргоо системасынын негизги принциптери, аманатчылардын укуктары, узак мөөнөттүү топтоо ыкмалары жана жеке бюджетти пландоо боюнча практикалык маалыматтар берилди.

Катышуучулар суроо-жооп форматында активдүү талкууга катышып, пайдалуу маалыматтык материалдарды жана колдонмолорду алышты. Бул лекциялар Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган кеңири маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылат.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.