2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкү токтомдоруна кол койду:
- №157 — «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө»
- №158 — «Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу зайымчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
1. Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу
Министрлер Кабинетинин №157 токтому Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы №281 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.
Токтомдун негизги максаты:
- депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Агенттикке банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу функцияларын берүү;
- проблемалуу зайымчылардын кайрылууларын кароо ыйгарым укуктарын жүктөө;
- Министрлер Кабинетинин чечимдерин «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2023-жылдын 14-декабрындагы №207 редакциясы) ылайык келтирүү.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Банктарды жоюу боюнча агенттикти ага кошуу жолу менен кайра уюштурулат. Ошондой эле Агенттиктин уюштуруу-укуктук формасын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктаган тиешелүү Жобо бекитилди.


2. Проблемалуу зайымчылардын кайрылууларын кароо тартиби
Министрлер Кабинетинин №158 токтому менен бекитилген Жобо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууга багытталган.
Жобо төмөнкүлөрдү аныктайт:
- банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу зайымчыларынын кайрылууларын кароо тартибин;
- Агенттиктин бул процессте башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн;
- проблемалуу зайымчыларга соттук инстанцияларга даттанууда консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тартибин;
- күрөө мүлкү, аткаруучулук өндүрүш жана мүмкүн болуучу укук бузуулар боюнча Агенттиктин ыйгарым укуктарын.
Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган токтомдору 2024-жылдын 12-апрелинде жарыяланып, 24-апрелинен тартып күчүнө кирет.