Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 2025-жылдын сегиз айында 16% өстү
Депозиттерди коргоо фонду 2025-жылдын сегиз айында 1 195 098,0 миң сомго, же 16%га өстү. Өсүштүн негизги булактары болуп:
катышуучулардын мүчөлүк акыларынын эсебинен 601 279,0 миң сом,
инвестициялык таза кирешенин эсебинен 593 819,0 миң сом түздү.
Натыйжада, 2025-жылдын 1-сентябрына карата Фонддун көлөмү 8 665 649,0 миң сомду түздү (2024-жылдын 31-декабрына карата — 7 470 551,0 миң сом).
2025-жылга Депозиттерди коргоо фондунун пландалган суммасы 9 126 600,0 миң сом болуп белгиленген. 2025-жылдын 1-сентябрына карата план 95,0%га аткарылды.