Депозиттерди коргоо системасы боюнча лекция өткөрүлдү
2024-жылдын 12 жана 14-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери 2024 Глобалдык акча жумалыгынын алкагында депозиттерди коргоо системасы боюнча лекция өткөрүштү.
Лекция депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын жана микрофинансылык компания-катышуучунун кызматкерлери үчүн уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө депозиттерди коргоо тутумунун иштөө механизмдери, аманатчылардын укуктары, кепилденген компенсациялар жана Мыйзамдын негизги талаптары боюнча кеңири маалымат берилди.
Бул иш-чара финансы уюмдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана депозиттерди коргоо системасы боюнча маалымдуулукту күчөтүүгө багытталган.