Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө Түркиянын сактык аманаттарын камсыздандыруу фонду менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

WhatsApp Image 2024 11 05 at 16.20.59

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзанын жана Түркиянын айрым министрликтеринин өкүлдөрүнүн, ошондой эле башка расмий адамдардын 2024-жылдын 4-6-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасына келген расмий сапарынын алкагында Түркиянын Сактык депозиттерди камсыздандыруу фонду менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганы жөнүндө билдирет. Түркия Республикасынын Сактык депозиттерин камсыздандыруу фондунун төрагасы Фатин Рушту Каракаш мырза Түркия Республикасынын расмий делегациясынын курамында келди.

2024-жылы 6-ноябрда Ф.Р. Каракаш мырза жана Түркиянын Сактык аманаттарды камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору К.Дж. Букуев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Агентиктин кеңсесине келиши күтүлүүдө.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.