2025-жылдын 19–20-февралында Өзбекстан Республикасынын Банктарындагы жарандардын депозиттерин гарантиялоо фонду менен **Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги**нин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө **Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкы**нын Маалыматтык технологиялар департаментинин жана Өзбекстан Республикасынын Депозиттерди кепилдик фондунун өкүлдөрү Агенттиктин төлөмдөрдүн маалыматтык-аналитикалык системасынын иштөө механизмдери менен таанышышты.
Агенттиктин кызматкерлери депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынан төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чогултуунун маалыматтык-аналитикалык системасынын тесттик моделин көрсөтүп, кепилдик учур келип чыкканда депозиттер боюнча компенсацияларды ыкчам төлөөнү камсыз кылуу максатында системаны пландаштырылган модернизациялоо, жаңы технологияларды колдонуу жана бизнес-процесстерди санариптештирүү боюнча маалымат беришти.
Мындан тышкары, жолугушууга GNI Software компаниясынын өкүлдөрү чакырылып, алар маалыматтык-аналитикалык тутумдун мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири презентация жасашты. Презентацияда системанын техникалык жана аналитикалык модулдары кардарлардын талаптарына ылайык ыңгайлаштырылышы мүмкүн экени белгиленди.
Белгилей кетсек, Өзбекстан Республикасынын Депозиттерди кепилдөө фонду өз мандатын ишке ашыруу максатында, жарандардын банктардагы депозиттерин коргоо боюнча даяр программалык камсыздоолорду изилдөө жана Фонддо IT-инфраструктураны түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.