«Элдик турак жай компаниясы» ААК депозиттерди коргоо системасынын реестринен чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2021-жылдын 6-январында «**Элдик турак жай компаниясы» ААК**ка айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №01 лицензиянын жокко чыгарылышына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директорунун 2024-жылдын 26-февралындагы буйругунун негизинде аталган компания депозиттерди коргоо системасынын турак жай сактык кредиттик компанияларынын катышуучуларынын реестринен чыгарылды.