Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

C7c32757 a0bf 4fd4 aff7 b232837444ab cx0 cy6 cw0 w1023 r1 cYGry7z

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары боюнча кызматкерлер үчүн маалыматтык иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарга киргизилген негизги өзгөртүүлөр, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу чаралары жана коррупция үчүн жоопкерчиликке тартуу тартиби талкууланды.

Коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик документтердин бири болуп «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (08.08.2012-ж., №153) саналат. Бул мыйзам коррупцияга каршы күрөштүн негизги принциптерин, механизмдерин жана багыттарын аныктап, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык укук бузуулардын алдын алуунун укуктук негиздерин белгилейт.

Аталган мыйзамдын негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирет:

  • коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды көрүү мамлекеттик органдардын милдети экендиги;
  • коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышын контролдоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү;
  • мамлекеттик кызматкерлердин жана жарандардын коррупцияга каршы маданиятын калыптандыруу.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.