Биз журналисттерди, жеке авторлорду, басма, телевидение, радио, электрондук жана аудиовизуалдык маалымат каражаттарынын чыгармачыл топторун чакырабыз.
Сынак Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) төмөнкү номинациялары боюнча өткөрүлөт:
- Басма жана интернет, социалдык тармактардагы басылмалардын эң мыкты басылма.
- Телекөрсөтүүдөгү эң мыкты материал.
- Телерадио каражаттарындагы эң мыкты материал.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Видео жана аудио материалдар видео же файл хостингине жүктөлүшү керек (youtube ж.б.). Андан соң Агенттиктин электрондук почтасына аларга шилтеме жана материалдар жөнүндө кыскача маалымат жөнөтүлөт: эфирдин датасы, темасы, социалдык тармактагы баракчасы, автор тууралуу маалымат, байланыш телефондору;
- Гезит жана журнал басылмалары сканерден өткөрүлүп, pdf же jpeg форматында жана басылманын датасы, темасы, автору жана байланыш телефондору жөнүндө маалымат менен Агенттиктин электрондук почтасына жөнөтүлөт;
- Интернет-басылмаларда иштеген журналисттер, чыгармачыл топтор, жеке авторлор Агенттиктин электрондук почтасына байланыш телефондорун көрсөтүү менен Интернеттеги өз материалдарына шилтемелерди гана жөнөтүшөт.
- Бир автордун материалдарынын саны жана конкурстук иштердин көлөмү чектелбейт.
Сынакка катышуу материалдарын deposit@old.deposit.kg дарегине же Бишкек ш., көч. Москва 190 дареги боюнча жөнөтүлөт.
Сынак иштери 2023-жылдын 20-ноябрын кошкондо, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү
Сынактык материалдар 2023-жылдын 18-сентябрынан 20-ноябрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
Сынакты өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү жарыялоо – 2023-жылдын 10-декабрына чейин
Сынактык материалдарды баалоо критерийлери
— баяндоонун объективдүүлүгү;
— колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү, жеткиликтүү баяндоо;
— теманын толук ачуу;
— ар түрдүү форматтар жана визуализация (мултимедиа).
Мелдештин жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктар
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, 3 номинация боюнча үч жеңүүчүнү аныктайт.
Баардык байге фонду 300 000 сомду түзөт.
Толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыз болот:
+996 (312) 456 456 (ички 110);
+996 (997) 979 622
+996 (709) 720 201
Сынактын темалары:
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги.
- Агенттиктин милдеттери, максаттары, башкаруу органдары, тарыхы;
- Агенттиктин мамлекетте кандай ролу бар?
- Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо кандай өнүккөн?
- Бир миллион сом компенсациянын суммасы эмнени билдирет?
- Коюган милдеттер менен иш кандай аткарылат?
- Агенттик кайсы мыйзам актыларын жетекчиликке алат?
- Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген эмне?
- Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары коммерциялык банктардан тышкары кайсы уюмдар боло алат?
- Бардык коммерциялык банктар депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары болууга милдеттүүбү?
- Агенттик менен Улуттук банк кантип өз ара аракеттенет, алар кандай ченемдик укуктук документтер менен жөнгө салынат?
- Агенттиктин ишинде Кыргызстан банктар союзунун ролу кандай?
- Банктык аманаттарды коргоо (камсыздандыруу) боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы.
- Агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин орток ишинин жыйынтыгы.
- Агенттик менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы.
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фонду.
- Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондун түзүүнүн булактары;
- Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондунун каражаттары кандайча жана кайда жумшалат.
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында Ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча Агенттиктин кадамдары жана көз карашы.
- исламдык каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттик база.
- Ислам каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттик базасы бар Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар, алардын жалпы депозиттик базадагы үлүшү.
- Кыргыз Республикасында кантип тобокелчиликсиз акчаны үнөмдөп, көбөйтүүгө болот.
- 1 000 000 сомго чейинки депозиттер боюнча компенсация! Кыргыз Республикасындагы депозиттер үчүн компенсация кантип, кимге, качан, кайсы валютада төлөнөт?
- Башка өлкөлөрдөгү депозиттер боюнча кепилдик (камсыздандыруу) суммасы.
- Банктык аманаттарды камсыздандыруунун эл аралык практикасы. MASD (Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясы), депозиттерди эффективдүү камсыздандыруу системаларынын негизги принциптери.