МБАНК кызматкерлери үчүн кезектеги тренинг өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан МБАНК кызматкерлери үчүн кезектеги тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин алкагында Агенттиктин аткаруучу директору Букуев К.Д. Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасы боюнча маанилүү жана актуалдуу маалыматтар менен бөлүштү.
Катышуучулар тренингдин жандуу, кызыктуу жана жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, иш-чаранын жемиштүү өткөнүн белгилешти.