2023-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги **Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети**нин студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрдү.
2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин ыраазычылык каты **Азия өнүктүрүү банкы**нын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву мырзага тапшырылды.
Кыргызстанда депозиттерди коргоо боюнча жаңы жоболор кандай иштейт? Эл ичинде жүргөн ар кандай сөздөргө карабастан, эмне үчүн улуттук валютадагы банктардагы аманаттар пайдалуу? Ушулар туурасында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов айтып берди.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МТ аудит кызматын сатып алат.
Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
Депозиттер буга чейин эле акчаны топтоонун, ал тургай кээде сактоонун салттуу жолу болуп калды. Бул анын жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону менен түшүндүрүлөт: эсеп ачуу үчүн сиз каржылык-кредиттик мекемеге келип, ылайыктуу депозитти тандап, банк менен келишим түзөсүз.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагында К.И.Скрябин атындагы КУАУ алдындагы Техникалык-экономикалык колледждин студенттерине лекция- семинар өтүлдү.
К.И. Скрябин атындагы КУАУ алдындагы Техникалык-экономикалык колледждин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине ыраазычылыгын билдирип, Агенттиктин кызматкерлери — инвестициялоо менеджери, Чыңгыз Танабаевге жана төлөмдөр боюнча менеджер, Санжар Шергазиевге Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн максаты акча сактоо маданиятын өнүктүрүү үчүн балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат, анткени үнөмдөө адамдын келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2023-жылдын 14-ноябрында Бишкекте өткөн Эл аралык Инновациялык технологиялар университетинде, Илим күнүнө арналган “Жаңы тенденциялар, экономикадагы реалдуулуктар жана аны ишке ашыруу жолдору” аттуу конференцияга катышты.
Биз журналисттерди, жеке авторлорду, басма, телевидение, радио, электрондук жана аудиовизуалдык маалымат каражаттарынын чыгармачыл топторун чакырабыз.
Сынак Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) төмөнкү номинациялары боюнча өткөрүлөт:
• Басма жана интернет, социалдык тармактардагы басылмалардын эң мыкты басылмасы.
• Телекөрсөтүүдөгү эң мыкты материал.
• Телерадио каражаттарындагы эң мыкты материал.
Сынакка катышуу материалдарын deposit@old.deposit.kg же Бишкек ш., Москва көч., 190 дареги боюнча жөнөтүлөт.
Сынак иштери 2023-жылдын 11-декабрын кошкондо, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү
Сынактык материалдар 2023-жылдын 18-сентябрынан 11-декабрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
Сынакты өткөрүү жана жеңүүчүлөрдү жарыялоо – 2023-жылдын 25-декабрына чейин
Сынактык материалдарды баалоо критерийлери
— баяндоонун объективдүүлүгү;
— колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү, жеткиликтүү баяндоо;
— теманын толук ачуу;
— ар түрдүү форматтар жана визуализация (мултимедиа).
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлыктар
Калыстар тобу жыйынтык чыгарып, 3 номинация боюнча үч жеңүүчүнү аныктайт.
Депозиттерди коргоо агенттиги «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде лекция- семинар өттүү.Бүгүн, 2023-жылдын 11-ноябырында, Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетинин 3-курстун студенттери үчүн «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына карата Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темада лекция-семинар өткөрүлдү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Султан Мамбеткалиев атындагы Чуй университетинин жана Кыргызстан эл аралык университетинин студенттерине Дүйнөлүк каражат топтоо күнү жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция-семинарды интерактивдүү форматта өттүү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023» иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине лекция-семинар өттү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери 2023-жылдагы Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган “Кыялдар канат байлагада” деген ураандын алкагы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттерине лекция- семинар өттүү.
Депозиттерди коргоо агенттигинин кызматкерлери Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023″ иш-чарасына арналган “Кыялдар канат байлаганда” деген ураандын алкагында Бишкек мамлекеттик университетинин студенттерине Дүйнөлүк каражат топтоо күнү жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасы деген темаларда лекция- семинар интерактивдүү форматта өттү.