2023-жылдын 27-апрелинде жогорку Кенештин отурумунда депутаттар үчүнчү окууда «Банктык депозиттерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун карап чыгышты жана кабыл алышты.
2023-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери Глобалдык акча жумалыгы-2023 алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин (КЭУ) студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекциясын өткөрүштү.
2023-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде 2023-жылдагы Глобалдык акча жумалыгынын алкагында Кыргызстандагы банктардын кызматкерлери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча ачык эшик күнү жана лекция өткөрүлдү.