Студенттер үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрүлдү

026A9303 1140x760

2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери 2024 Глобалдык акча жумалыгынын алкагында **К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети**нин кытай тили факультетинин 1–3-курстарынын студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрүштү.

Лекциянын жүрүшүндө депозиттерди коргоо тутумунун максаты, иштөө механизми, аманатчылардын укуктары жана кепилденген компенсациялар тууралуу кеңири маалымат берилди. Студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Иш-чара жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана банктык кызматтарды туура пайдалануу боюнча билимдерин кеңейтүүгө багытталган.

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.