Урматтуу айымдар!

8 март 1140x733

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Ала-Тоонун көркү — ак элечек апалар экенин, Сиздердин үй-бүлөдөгү гана эмес, коомдогу ордуңуздар да өзгөчө экенин баса белгилеп кеткибиз келет. Үйдөгү жылуулукту, мээримди сактап, коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты бекемдеген да — аялдар.

Элибизде айтылган «Эне — үйдүн куту», «Кыздын кырк чачы улуу» деген накыл кептерге таазим кылуу менен, аялзатынын табигый улуулугу, аруулугу жана бийиктиги ар дайым даңазалана берсин!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана мол ийгиликтерди каалайбыз!

Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.