«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары — Мыйзам) ылайык «Алма Финанс Банк» ЖАК 2026-жылдын 28-январынан тартып Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын реестрине киргизилди.
Депозиттерди коргоо системасы кепилденген учур келгенде Мыйзамда каралган суммада жана ыкмаларда компенсацияларды берүү жолу менен банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (Улуттук банктын депозиттерди кабыл алууга лицензиясы бар) аманатчыларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй банк системасынын туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.
Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берилет.




