Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жана банктарды жоюу боюнча функцияларды жүктөө тууралуу
2024-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө” (№ 157) жана “Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” (№ 158) токтомдоруна кол койду.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун (мындан ары – токтом) максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү займчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө” 2022-жылдын 10-августундагы № 281 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин “Банкттык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдын редакциясына ылайык) ылайык келтирүү максатында жүзөгө ашырылып жатат деп түшүндүрөт.
Бул токтом Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин (мындан ары – Агенттик) мыйзамда белгиленген тартипте Банктарды жоюу боюнча агенттикке ага кошуу жолу менен кайра уюштурууну, ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамга ылайык депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу, банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу, ошондой эле проблемалуу займчылардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл болгон функцияларды жана ыйгарым укуктарды өзүнө камтыган “Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо жөнүндө” жобону бекитүүнү карайт.
Ошондой эле, “Банкттык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтомго тиркелген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобо депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу, ошондой эле проблемалуу займчылардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл болгон Агенттиктин уюштуруучулук-укуктук формасы, аны уюштуруунун жана ишинин негизги эрежелери, милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары аныкталган.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизги максаты жана милдети (мындан ары – Жобо) “Банкттык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдын редакциясына ылайык) белгиленген милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу болуп саналат жана бул токтом банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароодо Агенттиктин ишин жөнгө салуу максатында кабыл алынган.
“Банкттык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдын редакциясына ылайык) Агенттикке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын кайрылууларын кароо функциялары жүктөлгөн.
Ушул Жобо банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароо тартибин жана жол-жобосун, Агенттиктин банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларынын кайрылууларын кароо мезгилинде башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүндө укуктарын жана ыйгарым укуктарын дагы аныктайт.
Мындан тышкары, бул Жобо банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын проблемалуу займчыларына соттун чечимдерин жогорку соттук инстанцияларга даттанууда консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү, күрөө мүлкүн чыгарууга байланыштуу соттун чечимдерин аткаруу же аны кайра сатып алуу тартиби жөнүндө, соттун чечимдерин аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан аткаруучулук өндүрүштү жүзөгө ашырууда мүмкүн болуучу укук бузуулар тууралуу Агенттиктин ыйгарым укуктарын аныктайт.
Министрлер Кабинетинин бул токтомдору 12-апрелде жарыяланып, 2024-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирет.