Суроо–Жооп FAQ
- Башкы
- Суроо–Жооп FAQ
Көп берилүүчү суроолор
Депозиттерди коргоо системасы
«Депозиттерди коргоо системасынын максаты эмнеде?»
Депозиттерди коргоо системасы банк системасына ишенимди бекемдөөгө, аманатчылар жана банктар ортосунда мамилелер маданиятын жогорулатууга, мамлекеттин финансылык системасынын стабилдүүлүгүн камсыз кылууга, акыры, экономиканын өнүгүшү үчүн ички топтолгон каражаттарды инвестицияга айлантууга көмөктөшөт.
Кайсы депозиттер коргоого алынбайт?
Төмөнкү депозиттер депозиттерди коргоо системасынын алкагында коргоого алынбайт:
- банктардын, микрофинансылык жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын кызматкерлерине тиешелүү депозиттер;
- чет өлкөлүк консультанттардын жана тышкы аудиторлордун депозиттери;
- ишеним кат менен юридикалык жактын тапшырмасы боюнча жайгаштырылган депозиттер;
- камакка алынган же мыйзам чектөөлөрү коюлган депозиттер;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы филиалдарда жайгаштырылган депозиттер.
Кайсы депозиттер коргоого алынат?
Жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттери, эгерде алар депозиттерди коргоо системасына катышуучу банкта же финансылык уюмда жайгаштырылган болсо, мыйзамга ылайык коргоого алынат.
Депозиттерди коргоо фонду кантип каржыланат?
Фонд банктардын кириш, календардык жана өзгөчө учурлардагы төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. Календардык төгүм жылдык депозиттик базанын 0,2% өлчөмүндө эсептелет
Кепилдик жана компенсация
Кепилдик суммасы канча?
Кепилденген учур келип чыкканда, ар бир аманатчыга депозиттин негизги суммасын жана эсептелген пайыздарын кошкондо 1 000 000 сомго чейин компенсация төлөнөт.
Кепилдик учур деген эмне?
Кепилдик учур — банк же башка катышуучу финансылык уюм лицензиясынан ажыратылганда же жоюу (банкроттук) процедурасы расмий башталганда келип чыккан учур.
Депозит боюнча пайыздар корголобу?
Ооба. Кепилденген учур башталган күнгө чейин эсептелген, бирок төлөнө элек пайыздар компенсация суммасына кошулат. Жалпы сумма 1 000 000 сомдон ашпоого тийиш.
Банк банкрот болсо, аманатчы эмне кылышы керек?
Гарантиялык учур жарыялангандан кийин Агенттик компенсация төлөө тартибин расмий сайтта жана ЖМКларда жарыялайт. Аманатчы белгиленген агент банк аркылуу же түздөн-түз Агенттик аркылуу кайрыла алат
Компенсация төлөө процесси
Компенсация төлөө качан башталат?
Компенсация төлөө кепилденген учур катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен башталышы керек.
Компенсация төлөөнүн башталышын ким жана кантип жарыялайт?
Компенсация төлөө боюнча маалымат Агенттик тарабынан республикалык маалымат каражаттарында, www.deposit.kg расмий сайтында, ошондой эле агент-банктар аркылуу жарыяланат.
Компенсация канча убакытта төлөнөт?
Гарантиялык учур келгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде убактылуу администратор же жоюучу компенсациялануучу депозиттер боюнча маалыматты Агенттикке берүүгө милдеттүү. Ошонун негизинде компенсация төлөө башталат
Компенсация кантип эсептелет?
Компенсация суммасы гарантиялык учур келген күнгө карата эсептелет. Кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн пайыздар да эске алынат, бирок Улуттук банктын эсептик ченинен жогору болбоого тийиш
Компенсация төлөө үчүн агент банк кантип тандалат?
Агент банк конкурстук негизде тандалат. Конкурстук комиссия талаптарга жооп берген банктардын ичинен эң ылайыктуусун тандайт. Зарыл болсо бир нече агент банк тандалышы мүмкүн
Компенсация алуу үчүн кайда кайрылса болот?
Агенттик тарабынан көрсөтүлгөн агент банкка же Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине түз кайрылууга болот. Маалыматтар расмий жарыяланат
Документтер жана кайрылуу тартиби
Чет өлкө валютасындагы депозиттер кантип төлөнөт?
Компенсация алуу үчүн аманатчы төмөнкү документтерди агент-банкка тапшырышы керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- жарандык паспорт;
- депозит келишими же эсеп маалымкаты;
- ишеним кат (зарыл болгон учурда).
Компенсация төлөөнүн башталышын ким жана кантип жарыялайт?
Чет өлкө валютасындагы депозиттердин суммасы кепилденген учур башталган күнгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген расмий курс боюнча сом менен төлөнөт.