Депозиттерди коргоо тутуму
- Башкы
- Депозиттерди коргоо тутуму
Депозиттерди коргоо тутуму
Депозиттерди коргоо тутуму — кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга мыйзамда белгиленген тартипте компенсация төлөөнү камсыз кылган мамлекеттик механизм.
Негизги түшүнүктөр
Кепилденген депозит
катышуучу банктагы жана мыйзам талаптарына жооп берген депозит.
Кепилденген учур
лицензия алынганда же жоюу/банкроттук башталганда.
Компенсация
кепилденген учурда төлөнүүчү сумма.
Кепилдик суммасы
1 000 000 сомго чейин (ар аманатчыга).
Тутумдун максаты
- Аманатчылардын укуктарын коргоо жана депозиттердин коопсуздугун камсыз кылуу;
- Банк системасына болгон ишенимди бекемдөө;
- Финансылык туруктуулукту колдоо;
- Компенсация төлөөнү уюшкан тартипте жүргүзүү.
Кайсы депозиттер коргоого алынат?
Жеке жактардын жана жеке ишкерлердин депозиттери… коргоого алынат.
Кайсы депозиттер коргоого алынбайт?
- Катышуучу банктын/уюмдун кызматкерлерине тиешелүү депозиттер;
- Чет өлкөлүк консультанттар жана тышкы аудиторлорго таандык депозиттер;
- Юридикалык жактын тапшырмасы боюнча ишеним кат менен жайгаштырылган депозиттер;
- Камакка алынган же мыйзамдуу чектөөлөр коюлган депозиттер;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы филиалдардагы депозиттер.
Тутум кандай иштейт?

Кепилденген учур катталат
Лицензия жокко чыгарылса же жоюу жол-жобосу башталса, кепилденген учур келип чыгат.

Расмий маалымат жарыяланат
Агенттик төлөөнүн тартиби, мөөнөтү жана агент-банк тууралуу расмий маалыматты жарыялайт.

Аманатчы документ тапшырат
Аманатчы агент-банкка белгиленген формадагы арыз жана негизги документтер менен кайрылат

Компенсация төлөнөт
Төлөм мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Валютадагы депозиттер сомго расмий курс менен эсептелет.