Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү (Агенттиктин аткаруучу директору Букуев К.Д., Аткаруучу директордун орун басары Байбосунов Н.М. жана Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүн начальниги Базарбаев Б.А.) 2026-жылдын 16-февралында Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясынын (МФУА) түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган «Микрофинансылоо аркылуу туруктуу өнүгүүгө» аттуу конференцияга катышышты.
Учурда 9 микрофинансылык компаниянын ичинен «Салым Финанс» ААК МФКсы, «АБН» ААК МФКсы жана «Элет-Капитал» ААК МФКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген депозиттерди тартуу лицензиясына ээ болуп, Депозиттерди коргоо ситемасынын катышуучулары болуп саналат.
Азыркы учурда Депозиттерди коргоо системасы катышуучулары болуп 23 коммерциялык банк жана 3 микрофинансылык компания эсептелет.
Депозиттерди коргоо системасы банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан депозиттерди (аманаттарды) кабыл алууга лицензиясы бар) аманатчылардын кепилдик учур келип чыкканда мыйзамда каралган өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөп берүү аркылуу коргоого, ошондой эле банк системасынын жалпы туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.
Кепилдик учур келип чыкканда, Мыйзамга ылайык ар бир аманатчыга депозиттер боюнча эсептелген пайыздарды кошкондо, жалпысынан 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпаган өлчөмдө компенсация төлөнөт.
Кепилдик учур – Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктын, микрофинансылык компаниянын же турак жай-сактык кредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алуу болуп саналат.