Куттуу болсун ушул Ак калпактуу күнүбүз,
Зоболосу бийик, ата-бабадан мурас болуп келген,
Улуулар урпактар үчүн сактап келген
Бул ыйык наркыбызды көздүн карегиндей сактап,
Келерки муундарга таза бойдон өткөрөлү!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2021-жылдын 6-январында «**Элдик турак жай компаниясы» ААК**ка айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №01 лицензиянын жокко чыгарылышына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директорунун 2024-жылдын 26-февралындагы буйругунун негизинде аталган компания депозиттерди коргоо системасынын турак жай сактык кредиттик компанияларынын катышуучуларынын реестринен чыгарылды.
2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен **Монголиянын Депозиттерди камсыздандыруу корпорациясы**нын ортосунда депозиттерди коргоо жаатында эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
2024-жылы 20-февралда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлерине Кыргызтесттин С1, В2 деңгээлиндеги сертификаттар тапшырылды. Иш-чара Агенттиктиктин конок үйүндө Директорлор Кеңешинин төрайымы Роза Корчубековна Акназарова, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская, Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуевдин жана кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 353-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бекиткен “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жобосун аткаруу максатында Депозиттерди коргоо боюнча агенттик 2023-жылдын 5-декабрында “Айтматов феноменинин калыптанышы” темасында конференция өткөргөн.
Конференцияга Россия Федерациясынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын, 20 өлкөнүн банк-финансы секторунун, эксперттик коомчулуктун, анын ичинде ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларынын өкүлдөрү катышты.
2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери 2024 Глобалдык акча жумалыгынын алкагында **Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети**нин юридикалык факультетинин 4-курсунун студенттери үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча конок лекция өткөрүштү.
Даникеев У.О. мамлекеттик финансы жана банк секторунда 33 жылдан ашык тажрыйбасы бар. КМУну бүтүргөн, Гарвардда (АКШ), Пакистандын Дипломатиялык академиясында жана Японияда кошумча билим алган.
Бүгүн 2023-жылы 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Сынактын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Сынактын жыйынтыктарын жарыялады.
2023-жылы 19-декабрда «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитинде жарык көрдү. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин, т.а. 2024-жылы 19-мартта күчүнө кирет.
2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлери конок лекциясын уюштуруп, **Токмок шаарындагы Борбордук Азиянын Эл аралык университети**нин студенттерине депозиттерди коргоо системасы жөнүндө лекция окуп беришти.
Кереге кеңештин жүрүшүндө Тобокелдиктерди баалоонун негизинде дифференцирленген мүчөлүк акылар өлчөмүн аныктоонун усул долбоору көрсөтүлдү, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Депозиттерди коргоо боюнч агенттигинин ведомство аралык жумушчу тобунда иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары колундагы депозиттик базасынан жылдык 0,2% өлчөмүндө мүчөлүк акылардын так ченин Депозиттерди коргоо фондуна төгөт.